АПЛ: Оюн учурунда эс учун жоготкон "Вулверхэмптон" командасынын оюнчусуна операция жасалды



Англия Премьер-Лигасындагы (АПЛ) 10-турдук оюнундагы "Арсенал" - "Вулверхэмптон" беттешинде эс учун жоготкон "Вулверхэмптондун" мексикалык чабуулчусу Рауль Хименеске операция жазалды. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайтына жарыяланды.
"Раулга Лондондогу ооруканалардын биринде операция жасалды. Ал калыбына келе баштаганга чейин дагы бир нече күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Клуб "Арсеналдын" медициналык кызматкерлерине, "Тез жардам" кызматкерлерине, ошондой эле кесипкөйлүгү менен убагында жардам көрсөткөн оорукананын кызматкерлерине ыраазычылык билдирет", - деп жазылат билдирүүдө.
29-ноябрда өткөн оюнда Рауль Хименес "Арсеналдын" коргоочусу Давид Луиз менен кагылышып, эс учун жоготкондугу кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.