"Быйыл орточо пенсиянын көлөмү 6 миң 61 сом болду, келерки жылы 6 миң 220 сом болору пландалды" дейт Социалдык фонддун төрагасынын орун басары
Быйыл орточо пенсиянын көлөмү 6 миң 61 сом болду, келерки жылы 6 миң 220сом болору пландалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева билдирди.
"Социалдык фонддун 2020-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 57 миллиард 710 миллион сом деп такталган. Мында бекитилген бюджеттен 182 миллиард 100 миллион сомго кем болууда. Чыгаша бөлүгү 57 миллиард 643 миллион сом болсо, чыгашалар бекитилген бюджеттен 538 миллион сомго ашкан. Өлкөдө жаралган өзгөчө кырдаалга байланыштуу жыл аягына чейин салык кызматынын божомолу боюнча камсыздандыруу взностор толук түшпөй калуу тобокелчиликтери бар. Бул сумма 1 миллиард 70 миллион сомду түзүшү мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

