super.kg logo

Дээрлик бир жылдан бери дайынсыз! Эки баланын энеси Нуркыз Бийболот кызы изделүүдө

 

1991-жылы туулган Нуркыз Бийболот кызы бир жылдан ашуун убакыттан бери дайынсыз жана аны издөө иштеринен эч жыйынтык чыкпай жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына изделип жаткан жарандын бир тууган эжеси Жылдыз Итибаева айтып, коомчулукка жарыя кылып коюуну өтүндү. Айтымында, сиңдиси аны менен акыркы жолу 2019-жылдын февраль айында сүйлөшкөн.

"2019-жылы июнь айынан бери бир тууган сиңдим Нуркыз Бийболот кызы дайынсыз. Ал шаарда балдар ооруканасында иштечү. Ал мага акыркы жолу чалып "шаарга келбейсизби экөөбүз үйгө барып келели үйгө бара элегиме көп болду" деген. Каражаттын тартыштыгы себеп болуп, Ысык-Көлдөн Бишкекке келе албай калгам. Ошол боюнча бир тууганым менен сүйлөшкөн жокмун, телефону өчүк.

Кайрылбаган жерибиз калбады, эми сиздерге жарыяласак жыйынтык болобу деген үмүт. Ал Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында жашачу. Таң атпай алтыда үйдөн чыгып жумушуна барып келип иштечү. Ал акыркы жолу "турмушка чыксамбы деп жатам" деп да айтты эле. Сиңдимдин биринчи турмушунан жолу болгон эмес, эки баласы бар. Андан бери эмне болгону белгисиз, сарсанаа болуп бүттүк. Нуркыз сени балдарың күтүп жатат, барыбыз күтүп жатабыз. Апам дагы ооруп жатат, суранам сиңдимди тааныгандар болсо ушул номерге 0707 05 29 95 кабарлашып коюңуздар", - деди Итибаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.11.2020. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Табылып калсын аман эсен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: