1-декабрда Бишкектин бир катар аймагында электр жарыгы өчөт (тизме)
1-декабрь күнү Бишкектин 22 көчөсүндө жана айрым жаңы конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күнү адистер трансформатор жана электр зымдарын текшерип, оңдоо иштерин жүргүзүшөт.
1) 09:30-12:00гө чейин Рухий-Мурас конушунун 1-көчөсүндө;
2) 2:00-15:00 аралыгында Рухий-Мурас конушунун Анкара-3, Анкара-5-көчөлөрүндө;
3) 15:00дөн 18:00гө чейин Рухий-Мурас конушундагы 5-көчөдө;
4) 09:30-13:00 аралыгында Көк-Жар кичи районундагы №21-23, 23/2, 38 үйлөрдө;
5) 11:00-17:00 аралыгында Алтын-Ордо конушунун экинчи көчөсүндө;
6) 09:40-17:00дө Осмонкул, Жумабек көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндөгү үйлөрдө;
7) 09:40-17:00дө Щербаков, Орозбеков көчөлөрүндө;
8) 09:30-18:00 аралыгында Арча-Бешик конушунун Жаз, Алтын-Бешик, Бердибаев, Сулуу-Төр, Бишкек-125 көчөлөрүндө;
9) 09:00-13:00дө Павлов көчөсүндө;
10) 09:00-17:00 аралыгында Ак-Босого конушундагы Чүй-48, Чүй-49 көчөлөрүндө;
11) 09:00-17:00 аралыгында Шевченко, Пушкин, Табышалиев, Чүй/Турусбеков көчөлөрүндө жарык өчөт.

