super.kg logo

"Суицид жөнүндөгү тасмаларды кызыгып көрө берчү". Өзгөндө өз үйүнүн короосунда асынып алган 8 жашар кыздын өлүмүнүн чоо-жайы

 

Ош облусунун Өзгөн районунда 8 жашар кыз өз үйүндө асынып алган. SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматы аталган окуянын чоо-жайын айтып берди.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрь күнү саат 15:25 чамасында Өзгөн районунун Макаренко айылынын тургуну 8 жашар кыздын асынып каза болгондугу тууралуу 102 номерине кабар берген. Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу келип, 27-ноябрь күнү саат 14:30 чамасында 8 жашар кыз белгисиз себептерден улам үйүнүн короосундагы эки кабаттуу мал сарайдын чатырында пресс жип менен асынып алгандыгын аныкташкан.

"Маркум кыз аталган айылдагы мектептин 3-классынын окуучусу эле. Ал классында сабакты жакшы окуган үлгүлүү окуучулардын бири болгон. Окуя болгон күнү онлайн сабакка катышкан эмес. Ал күнү апасы мугалим болгондуктан балдары онлайн сабакка колдонуучу уюлдук телефонунун алып, онлайн конференцияга катышканы мектепке кеткен. Кыз үйүндө 10 жаштагы эжеси жана 5 жаштагы иниси менен калган. Чоң атасы менен атасы жума намазда болушкан. Маркум асынып алган сарайдын чатырына буга чейин 10 жаштагы эжеси малдарына чөп салганы чыгып-түшүп турган. Пресстелген чөптөн чечилип алынган жиптерди сарайдын бир бурчундагы мыкка топтоп илип коюшкан. Кыз асынган жип ошол жиптерден алынгандыгы такталган.

Кошуналардын айтуусунда, маркумдун үй-бүлөсү ошол аймактагы кадыр-барктуу үй-бүлөлөрдөн болуп саналат. Кыздын жанын кыюусуна телефон жана сыналгы аркылуу көргөн кинотасмалар таасир этип, түрткү бериши мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Себеби, маркум буга чейин өз жанын кыйган кинотасмаларды кызыгып кайталап көрө берчү экендигин жакындары билишкен. Окуя болгон күнү ал кыз, кинодогу өзүн-өзү аскан эпизодду туурап жатып жиптен чыга албай калган болушу мүмкүн деп айтышууда. Учурда Ош ОИИБдин жетекчилиги тарабынан атайын топ түзүлүп, алар тарабынан окуя боюнча хронометраж жасалып, эмне себептен асынып алгандыгы тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы кырсыкка кабылып, каза болуп калган балдардын ата-энелерине терең кайгыруу менен көнүл айтат. Балдарыңыздарды жалгыз калтырбоону жана сабактарга үзгүлтүксүз катышуусун көзөмөлдөөгө чакырат. Ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында ички иштер органдарынын кызматкерлери менен тыгыз байланышта иш алып барууну суранат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.12.2020. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Ошон учун кинолордун мазмунун карап койгула урматту теле каналдар,,, туш келди кино же мультфильмди койо бересинер,, мисалы озбекстандын каналында жакшы сабак ала турган мултиктерди коюшат,, а биздикилер согушуп бирин бири олтуруп аткан мултиктерди коюшат, аны коргон жаш балдар психасы ой жугуртусу бузулат
stal.ks түзөттү 2020-12-01 03:46:41
01.12.2020. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
stal.ks,туура айтас менда кошулам кайактагы кинолор мултиктер мурда биз жаш кезде токойлордо карышкыр койонек иш кылып жаныбарлардын тарбыйа алатурган мултиктерди корчу элек азырчы зомби бир страшный адамдар бар мулдиктер керек болсо мултикте обушуп бирге жжатканыначейин коргозот балдар азыр вапше башкпча сезим мн жашашат
01.12.2020. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыр интернет өнүккөн заман болуп атпайбы көп нерсени интернеттен көрүшөт балдар биз билбегендерди билишет азыркы балдардын ой жүгүртүүсү да башкача,коркосуң катуу сүйлөгөндөн дагы.
01.12.2020. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мыйзам чыгарып коюш керек ММКларга.
(телеканалдарга) Интернетке блок коюш керек.
01.12.2020. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сактаа ар пенденди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: