super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстан БУУнун трибунасынан Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушуна каршы экенин билдирди

 

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 68-сессиясында аймактарга ГЭСтердин курулушу боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.  

"Бизди Тажикстандагы жана Кыргызстандагы жаңы ири ГЭСтердин курулушу тынчсыздандырууда. Тактап айтканда, Аму дарыянын башында жайгашып, плотинасынын бийиктиги 350 метр болгон Рогун ГЭСи жана Сыр дарыянын башынан орун алып, бийиктиги 275 метр болгон Камбар-Ата 1 ГЭСи. Адистердин айтымында, бул долбоорлордун ишке  артынан коркунучтуу экологиялык, социалдык-экономикалык кесепеттерди алып келет",- деди ал.  

 

Камилов бул ГЭСтердин курулушу Борбордук Азиядагы суу балансынын бузулушуна алып келе турганын, долбоорлорду ишке ашыруудан мурда эл аралык эксперттер иш жүргүзүшү керектигин кошумчалады. 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: