Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булганычы нормасынан 12 эсе ашып кетти
Бүгүн, 1-декабрда, саат 9:30га карата Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булганычы нормасынан 12 эсе ашып кетти. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганычын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 305 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 196). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Чыгыш-5 кичи району – 81 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 54).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:35
2025-08-01

10:58
2025-08-01
8:16
2025-08-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.