Өлкөдө 700гө жакын жаран азык-түлүк топтому жана жеке коргонуу каражаттарын алышты
Өлкөдө 700 адам гуманитардык жардамга ээ болушту. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жардам аз камсыз болгон, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө, улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга берилди.
"Мындан тышкары аталган борбор улгайган адамдарга жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга мобилдик тиркемелерди колдонууну, компьютердик сабаттуулукту үйрөтүүдө, угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орношуусуна жардам көрсөтүүдө.
Ошондой эле Бишкек шаарында иштеген 84 социалдык кызматкерлерге коргоочу костюмдар, тазалоочу каражаттар, медициналык маскалар жана азык-түлүк топтомдору берилди", - деп жазылат маалыматта.
Гуманитардык жардамды "Тең мүмкүнчүлүктөр" социалдык борбору көрсөттү.

