super.kg logo

Алмазбек Атамбаев абактан чыгабы? Жактоочунун жообу

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG'ге анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, акыркы сот отурумунда мурдагы чечимдер жокко чыгарылгандыгына байланыштуу мыйзам боюнча Атамбаев абактан чыгышы керек.

"Өзүңүздөр билгендей, кечээ, Жогорку сот Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Биринчи Май райондук сотунун чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, аны райондук сотко кайра кароого жөнөттү. Демек, белгисиз мөөнөткө абакта калтыруу чечими дагы жокко чыкты. Буга байланыштуу Атамбаев абактан чыгарылышы керек.

Кечээ чыгарылган Жогорку соттун чечими Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жөнөтүлүшу керек. Андан кийин Атамбаевди абакта калтыруу же калтырбоо чечими чыгарылат", - деди Слесарев.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 7 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

2019-жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
01.12.2020. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул алкаш түрмөдө чириш керек эле.
01.12.2020. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Pankration_MMA,
Алкаш деп сага окшогон оозуна ээ боло албагандар суйлой берет. Атамбаев молодец. Сокеге караганда мыкты президент болгон. Атамбаевти саясий жактан куугунтуктун куралы болгон. Атамбаевти чыгарыш керек. Сокенин озун камаш керек.
01.12.2020. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арак куйуп бердин беле
01.12.2020. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чыгарып президент шайлап алгыла кайра.акчасын дагы чачып жатса керек
01.12.2020. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чыгарбаш керек талашты чыкса дагы баштайт бул акмак
01.12.2020. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаевдин өзүнө окшош жазып койдум
01.12.2020. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чыксын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: