Кувейт өлкөсү Бишкекте элчилик ачууну сунуштоодо



Кувейт өлкөсү Бишкекте элчилигин ачуу маселеси кечээ, 30-ноябрда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери тарабынан онлайн сүйлөшүү форматында талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө тараптар аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча туруктуу байланыштарды улантууга даяр экендиктерин тастыкташты.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өлкөдөгү ички саясий кырдаалды турукташтыруу, кезексиз президенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү, ошондой эле алдыдагы парламенттик шайлоо жана Конституциялык реформа жөнүндө маалымат берди.
Өз кезегинде Кувейттин тышкы иштер министри Ахмад Насер Аль Сабах Кувейттин Эмири Кыргыз өлкөсүндөгү жаңы жетекчисине салам жолдоп, ийгиликтерди каалаганын билдирди. Муну менен бирге Кувейттин Кыргыз өлкөсүндө элчилигин ачуу менен көп тармактуу кызматташууга кызыктар экендигин айтып өттү.
Мындан тышкары, алар узак мөнөттү пландарга токтолушту. Анда саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарбы, насыялык, салым чөйрөсүндө кызматташтык жүргүзүү артыкчылыктуу деп табылды . Эки тарап биргеликте алдыдагы маселелерди чечүүдө "жол картасын" иштеп чыгууга макулдашты.
Министр Руслан Казакбаев Covid-19 илдети менен күрөшүүдө Кувейттин кайрымдуулук бирикмелери тарабынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:35
2025-08-01

10:58
2025-08-01
8:16
2025-08-01
Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
aslonur

01.12.2020. 13:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жанылык эгер инвестиция тартып келишсе
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.