super.kg logo

Ысык-Көлдө 60 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

 

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз жеке менчикке өткөн 60 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл райондук бөлүмү тарабынан 2019-жылдын июль айында жокко чыгарылган соттун чечиминин негизинде Б.М. аттуу жаран "Рохат" жана "Алтын Көл" пансионаттарынын ортосунда жайгашкан 60 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчигине өткөрүлгөндүгү аныкталган.

"Аталган жер тилкенин нарктык баасы 10 миллион 932 миң сомду түзөт. Жерди кайрадан мамлекетке кайтаруу чараларын жүргүзүү үчүн райондук прокуратура тарабынан Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына талап келтирилген. Анын негизинде Кара-Ой айыл өкмөтү сотко доо арыз менен кайрылып, соттук кароонун жыйынтыгында доо арыз толугу менен канааттандырылгандыгы тууралуу текшерүү учурунда такталган", - деп жазылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө, Ысык-Көл райондук прокуратурасынын прокурордук сунушунун негизинде жогорудагы 60 гектар жер тилкеси кайрадан мамлекеттик менчикке алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: