Улуттук статистикалык комитет: "Үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча кайрылгандардын 85 пайызга жакыны - аялдар"
2019-жылы үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча кайрылгандардын 85 пайызга жакыны - аялдар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылы калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорго жана башка адистештирилген мекемелерге үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча 8 миңге жакын адам кайрылган.
"Үй-бүлөдөгү зомбулуктун эң көп учурларынын көпчүлүгү 42 пайызы Бишкекте, 20 пайыз Чүйдө жана 11 пайызы Ош облустарында болгон. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы 2015-жылга салыштырмалуу үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча берилген убактылуу коргоо ордерлеринин саны 1,7 эсеге өскөн.
2019-жылы республиканын ички иштер органдарынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 7 миң 45 жоруктар катталган, алардын 70 пайыздан ашыгы үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары болгон", - деп жазылат маалыматта.

