Хабиб Нурмагомедов UFC президенти Дана Уайт менен карьерасын улантуу тууралуу сүйлөшүү үчүн БАЭге учуп кетти
UFC уюмунун чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов карьерасын улантуу тууралуу UFC президенти Дана Уайт менен сүйлөшүү үчүн Абу-Даби шаарына учуп кетти. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социадык тармактагы баракчасына жазды.
"Таштуу Жунглинин фонунда сыяктуу", - деп жазды Нурмагомедов Абу-Дабиден түшкөн сүрөтүн жарыялап.
Буга чейин Дана Уайт Лас-Вегаста өткөн турнирден кийинки маалымат жыйынында БАЭде Хабиб менен жолугуп, карьераны улантуу тууралу талкуулай тургандыгын билдирген.
"Мен Хабибдин кайрадан UFCге кайтып келишине ишенем. Ал мага бул жөнүндө эч нерсе айткан жок. Бирок мен ишенем. Абу-Даби шаарында жакын арада жолугушууга макулдаштык", - деген Уайт.
Азырынча Дана Уайттын Абу-Даби шаарына баргандыгы тууралуу расмий маалыматтар жок.

Хабибди Дана Уайт ар турдүү жолдор менен коркутуп жатат. Келишимдин убактысы бүткүчө кетип калдың деп айып катары оюна келбеген суммаларды айтып коркутуп мажбур түрдө кайтарууга аракет кылып жатат.