super.kg logo

Салык кызматы Артём Новиковдун сынына жооп берди

 
Салык кызматы “Жыйынды пост” системин ишке киргизүү үчүн бардык керектүү чараларды көрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик салык кызматы, премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан "Чалдовар" көзөмөл-өткөрүү пунктун кыдыруу учурунда, контролдук өткөрүү пунктунун иштөөсү тууралуу салык кызматынын дарегине айтылган сын боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Мамлекеттик салык кызматы товарларды эсепке алуу жол-жоболорун автоматташтыруу жана товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө каршы күрөшүү максатында “Жыйынды пост” автоматташтырылган маалымат системин ишке киргизүүнүн алкагында бардык керектүү иш-чараларды белгиленген мөөнөттө аткарганын жана бул ишке, бир гана салык кызматы эмес, башка дагы 8 мамлекеттик орган жооптуу экенин белгилейт.

Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз өкмөтүнүн 2020-жыл, 3-ноябрындагы кеңешменин протоколун эске салды:

Кыргыз өкмөтүндөгү кеңешменин жүрүшүндө (03.11.2020-жылдагы №17-82 протокол) Артём Новиков тарабынан Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системин (ТМЭБС) толуктап иштеп чыгуу боюнча тийиштүү иштер аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын кызматкерлерин керектүү уюштуруу техникасы менен камсыз кылуу жана 2020-жылдын 15-ноябрына чейин “Жыйынды пост” автоматташтырылган маалымат системасын колдонуу боюнча окутуу тапшырмасы берилген.

"Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 13-ноябрында бул тапшырманы аткаруу максатында Мамлекеттик чек ара кызматынын «Чалдовар-автожолу» контролдук өткөрүү пунктундагы кызматкерлерине керектүү жабдууну берди. Контролдук өткөрүү пункту кирүү чектелүү өзгөчө корголуучу аймак болуп эсептелгендиктен, ТМЭБС адистештирилген системасына багытталган кандай кыймыл аракет болбосун, түздөн түз анын ээси (УКМК) жана колдонуучусу (МЧК) тарабынан ишке ашырылат.

2020-жылдын 16-18-ноябрь күндөрүндө программа алдын ала сыноодон өткөрүлдү, мында дагы бир жолу көйгөйлөрдүн бар экендиги, оңдоп-түзөөнүн зарылдыгы аныкталып, аларды жоюу башка мамлекеттик органдардын компетенциясы болуп эсептелет" , - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары Мамлекеттик салык кызматы жаңы орнотула турган кошумча видеобайкоо камераларынын жоктугу боюнча дагы маалымат берип кеткен.

"2020-жылдын 3-ноябрындагы Артём Новиковдун төрагалыгында өткөн кеңешменин протоколуна ылайык, Салык кызматына эмес, Чек ара кызматына ушул жылдын аягына чейин Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара участогундагы өткөрүү пункттарына кошумча видеобайкоо камераларын орнотуу тапшырмасы берилген.

"Бетамонт" салмак габариттик контролдун динамикалык системасынын ылайыктуу түрдө иштебегендиги тууралуу айтылган сын-пикирлер боюнча түшүндүрө турган болсок, Салык кызматы "Бетамонт" системасы боюнча маалыматтырды салыштыруунун мүмкүн эместигин бир нече жолу маалымдаган.

Мамлекеттик салык кызматы айтылган маселе боюнча Өкмөттүн Аппаратынын жана кызыктар мамлекеттик органдардын дарегине 15тен ашуун кат жолдогон. Аларда салык төлөөчү-импортточулар тарабынан берилген маалыматтарды "Бетамонт" системасында жазылган маалыматтар менен салыштыруунун мүмкүн эместиги айтылган.

Башка мамлекеттик органдардын кыймыл-аракети же аракетсиздиги үчүн Салык кызматы жооптуу эмес (мисалы, электроэнергиянын өчүрүлүшү, суунун, интернеттин жоктугу ж.б.)", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 28-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Чалдовар өткөрүү пунктуна барды. Анда ал көзөмөл-өткөрүү жайын карап чыгып, айрым кызматтардын ишине нааразычылыгын билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.12.2020. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
кече ошентип озуно айтпадынбы, бугун чыгып актанбай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: