Баткенде дайынсыз болуп жаткан 6 балалуу энени издөө иштерине эми өкмөт өкүлү кийлигишет








2020-жылдын 23-ноябрынан бери дайынсыз болуп жаткан Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Аймактым Кожонованын туугандары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалаловго, издөө иштерине көмөк көрсөтүүсүн суранып кайрылышкан.
Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өкмөт өкүлү бардык тийиштүү органдар издөө иштерин жүргүзүп жатканын, Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарына жана кошуна Тажикстан менен Өзбекстан республикаларына да издөө иши жүрүп жатканын билдирген.
"Жаныбек Жалалов Кожонованын издөө иштерин жеке көзөмөлүнө алгандыгын айтып, бул багытта укук коргоо органдарын күчөтүлгөн тартипте издөө жүргүзүүсүн тапшырды", - деди маалымат катчы.

