super.kg logo

"Мэрия жүргүнчү ташуучу кичи автобустарды шаардан качан чыгарат? Балбак Түлөбаевдин жообу

 

Бүгүн, 1-декабрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев түз эфирде шаардыктардын суроолоруна жооп берди.

Анда Балбак Түлөбаевге: "Мэрия жүргүнчү ташуучу кичи автобустарды шаардан качан чыгарат? деген суроо узатылды.

"Бишкек боюнча муниципалдык коомдук транспорттор жетишпейт. Аны сатып алуу үчүн муниципалитетте дагы каражат жок. Анткени пандемия жана 6-октябрдагы кырдаал бул меселенин чечилишине таасирин берди. Коомдук транспорт боюнча маселенин чечилүүчү жолдорун биз төмөндөгүдөй көрүп жатабыз. Жакында биз кээ бир муниципалдык транспорттук каттамдар үчүн конкурс жарыялайбыз. Мисалы, "Ош базарынан" Асанбайга чейин 30 автобус керек болсо биз конкурс жарыялайбыз. Башкача айтканда, мэрия чет жактан автобустарды алып келе алгандарга конкурс жарыялайт. Бул боюнча пилоттук долбоор даярдалып жатат. Мындан тышкары мен кээ бир маршруттук каттамдардын жетекчилери менен сүйлөштүм. Анда эски кичи автобустарды жаңыларына алмаштыруу боюнча сүйлөшүү жүрдү. Аларга мурун кичи автобус алып келип жүргөн болсо, эми автобустарды алып келип баштоо турулуу сунуш бердим. Алар макул болушту. Бирок тарифтик саясат мэриянын карамагында калат", - деп жооп берди Балбак Түлөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
01.12.2020. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Автобустарды жеке адамдар алып келгенде түсүнө моделине карап алып келгиле деп түшүндүрүп айтышы дагы керек болбосо ар түрдүү түскө боёлгон автобустар шаардын көркүн бузат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: