Ошто өз өмүрүн тобокелге салуу менен көмүр казгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө






Ош облусунун аймагында жайгашкан тоо-кен, көмүр жана башка кен байлыктарды иштеткен жерлерде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан өмүрүн жана ден соолугун тобокелдикке салуу менен көмүр кенин казгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мындай иш-чаралар Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын Ак-Терек айылында жайгашкан ОАО «Жазы Торгой» көмүр кенинде, Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын Кара-Дөбө жайлоосундагы көмүр казуучу кенинде, Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылында жайгашкан көмүр кенинде, Алай районунун Талды-Суу, Сары-Могол айыл аймагында болгон.
Көмүр кендеринде иштеп жаткан жана өз алдынча кен казып иштеген атуулдар арасында коопсуздук эрежелерин сактоо менен бирге мыйзамсыз казып алуу иштерин жүргүзбөө боюнча алдын алуу, түшүндүрүү жана эскертүү иш аракеттери улантылып жатат. Жогоруда аталган иш-чараларды жүргүзүү себеби ар түрдүү
кырсыктардын алдын алуу жана адам өлүмүнө жол бербөө максатында уюштурулууда.

