super.kg logo

Балбак Түлөбаев: "Конуштарда жашоочулар көмүр эмес, таштанды жагып Бишкекти түтүн каптап жатат"

 

Жаңы конуштарда кээ бир жашоочулар көмүрдү мурун даярдап албай, таштандыларды жагып, андан чыккан түтүн Бишкекти каптап жатат. Мындай пикирди бүгүн,1-декабрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев түз эфир учурунда "Бишкек жылуулук мезгилине даярбы?" деген суроого жооп берип жатып билдирди.

"Бишкек шаарында 3 түрдүү жылуулук системи бар. Биринчиси, бул борборлоштурулган ЖЭБ аркылуу келет. Ал "Улуттук энергетикалык холдинг" жана өкмөт тарабынан каржыланган жана өкмөт тарабынан каралган систем. Экинчиси, "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы, ал муниципалитеттин өзүнүн системи. Үчүнчүсү, жарандар газ, жарык, отун, көмүр аркылуу үйлөрүн өздөрү жылытат. Бишкекти жылытуу боюнча "Улуттук энергетикалык холдинг" боюнча өкмөт тарабынан алганда Бишкек ЖЭБи даяр. Биздин "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы да даяр. Кээ бир жерлердеги авариялык абалдарды эске албаганда кыштан чыгууга толугу менен даяр деп айта алабыз. Бул комплекстүү түрдөгү иш-чара", - дейт Балбак Түлөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.12.2020. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыргаганынан жагып атабы?
01.12.2020. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көмүр кендерин бандиттерге карматып койсоңор анан арзан көмүрдү кайдан алып жагышсын?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: