Фотоальбом: Көзү тирүү болсо бүгүн 43 жашка чыкмак. Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевди балалык чагынан берки сүрөттөрү менен эскеребиз
Ак таңдай акын, аткаруучу, обончу Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган. Ал төрт жашынан манас айтып, тамга таанып, китеп окуп баштаган. Алгачкы эле окуган китеби "Манас" эпосу болгон.
Мектепте окуп жүргөндө ар кандай кароо-сынактарга катышып жүрүп, төкмө акындык өнөрү боюнча тушоосу 6-классында кесилген.
Алгач "Нооруз" майрамында төгүп ырдап, эл оозуна алына баштаган. Жаш таланттын кабары төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, ал шаарга алып кеткен. 15 жашында "Айтышка" катышып, "Айтыш-93" фестивалында баш байгени жеңип алган.
Мектепти аяктаган соң Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияда окуп, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун (азыркы искусство университети) фольклор бөлүмүн бүтүргөн.
Төкмө акын жаш чагынан ар кандай эл аралык айтыштарга катышып, бир нече ирет баш байгени жеңип алган. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган.
Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык "Сейтек" борборунда иштөөдөн баштаган. Андан кийин Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында уланткан.
Алгачкы сүйүүсү ырчы Гүлбү Ороскул кызына 15 жашында жолугуп, 1995-жылы баш кошуп, 15 жыл чогуу түтүн булатып, кийин эки айрылыш жолго түшүшкөн. Эки таланттын ортосунда Айзуура жана Сезим деген кыздары бар.
Акын 2009-жылы Нурзат Абдрашитовага баш кошуп, алар 3 уул, 1 кыздын бактылуу ата-энеси болушкан. Акындын өмүрлүк жары кесиби боюнча медицина кызматкери.
Акын өмүрүнүн аягына чейин "Айтыш" коомдук фондунда 50дөн ашуун улан-кыздарга устаттык кылып, төкмөлүк боюнча сабактарды өтүп келген.
Элмирбек Иманалиев калың журтка акындык эле эмес, манасчылык, дастанчылык, обончулук өнөрлөрү менен да белгилүү. Ага таандык "Балкыма", "Мунарым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Жамгырдагы кусамат", "Жолукпай койгун эми", "Коштошуу вальсы", "Булбулум", "Аруузатым" чыгармалары бар.
Элдин сүймөнчүгүнө айланган төкмө акын ушул жылдын 20-апрелинде оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Комментарийлер(16)
ibro80

03.12.2020. 10:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Жаткан жери жайлуу болсун, бейишинен берсин жайын.
NURSAPAR

03.12.2020. 13:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Да.... Кайталангыс Кыргызымдын таланты ...чыныгы патриоту эле... жаткан жери жайлуу болсун. ...
Shabi

17.01.2021. 13:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул Э.Иманалиевти алгандан коро,жеп жутаар 10элитаны алса кана аллахым
asan92

17.01.2021. 13:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жаштарыбыз Элмирбеке окшогон улуу инсандарды карап жашаса. Ар биз созундо таасирдуу ойлор бар. Тилеке каршы бизде чала молдолорду ээрчип, молдолордун тозок, акырет өлүмдөн башка дааватарын угушпайт. Өнүккөн өлкөлөрдө мугалимдерди баалайт, мугалимдерди туу тутушат. Бизге окшогон кедей өлкөдө чала молдолору барктуу, молдолорду ыйык тутуп алышкан.
asan92 түзөттү 2021-01-17 14:03:50
nazira...

17.01.2021. 15:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
asan92,сен өзүн кайсы диндесин, кудайга ишенесинби деги? Сен өлүмүн жөнүндө ойлобойсунбу, өлсөн кайсы көрүстөнгө, кандай көрүстөнгө көмүлөөрүнү ойлойттурсун, сен деле жакындарынын жанына барып жаткын кесе керек. Же америкага апарып окенадын түбүнө көмгүлө деп давно керезинди айтып койгонсунбу, же Айдан место алып койгонсунбу ошол жерге көмгүлө деп. Мусулман дини эн таза дин, ыйык дин, шек келтирбе, качан болсо тескери жаман сөздөрдү жазасын. Ыймандуу, сабырдуу бол, өзүнө эле жакшы.
Nursul

18.01.2021. 10:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira..., Динсиздерге жооп жазып нерв коротуп кереги жок. Жооп жазып койсон огодон бетер күчөтөт бул теңирчилер унчукпай эле койунуздар.
Raihan0602

17.01.2021. 16:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
asan92,минус кокустан басылып кетти кечирип кой
Jibakana

17.01.2021. 20:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
asan92, причем тут молдо?
sultan_bek

17.01.2021. 14:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Теңирим колдосун элимди.
Yahoo

17.01.2021. 15:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sultan_bek,Тенирин сени эле колдой берсин.
dasa-kgz

17.01.2021. 17:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sultan_bek,арстан алай колдосун десең. Аныңардын атын чоң тамга менен жазгым келбеди.
dasa-kgz

17.01.2021. 17:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Зерикпей ар бирине +- басып чыктым. Аллахым ыйманын саламат кылган болсун.
KBD1987

17.01.2021. 19:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири эле.
Janyl98

17.01.2021. 20:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тенирим жаткан жерин жай кылсын.
aiba_00

18.01.2021. 09:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчик брат эле да киши жылдыздуу озун да ырларын да суйбогон киши жок болсо керек кыргызда, суроттон орсон да жакшы аура чыгып турат го.
Nursul

18.01.2021. 10:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун Аллах Бейишин берсин. Кандай сөз менен айтып буталгыс жакшы инсан эле агай Куран окуп багыштап турам устазым Чубак ажы Элмирбек устаз экөөнө мен үчүн тирүү эле бөлөк өлкөдө жүргөндөй журушкондой эле сезиле берет.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.