super.kg logo

Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк алып берем деген шылуундарга алданып калбоону эскертет

 

Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк алып берем деген шылуундарга алданып калбоону эскертет. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айдоочулук күбөлүктү берген орган бир гана "Унаа" мекемеси экендигин белгилеп, башка алдамчыларга алданып калбоону эскертет.

Мекеме социалдык тармактарга тарап жаткан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын базасына жеке маалыматтарды киргизүү менен айдоочулук күбөлүк алууга болот деген билдирүү чындыкка дал келбей турганын билдирди.

"Мамлекеттик каттоо кызматы мындай адамдар жарандардын ишенимине кирүү менен алдап, мыйзамсыз иштерди жасап кетерин эскертет. Жарандарды өзүнө сак жана жоопкерчиликтүү болуп, жеке маалыматтарын алдамчыларга жөнөтпөөгө чакырабыз. Айдоочулук күбөлүк алуу маселеси боюнча "Унаа" мамлекеттик ишканасына кайрылып же 119 кыска номери аркылуу кеңеш ала аласыз.

Ошондой эле бизде "Айдоочулук курамды тестирлөө", "Айдоочулук курамды каттоо", "Транспорт каражаттарын каттоо" сыяктуу маалыматтык системаларды ишке киргизди. Бул программалардын жардамы менен "Унаа" мекемесинин кызматтарын электрондук түрдө колдонсо болот", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: