Баткен шаарынын “Тазалык” ишканасына жаңы техникалар тапшырылды





Баткен шаардык мэриясы банктардын бири аркылуу лезингге шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыгын сактоо максатында жалпы суммасы 16 миллион сомдук, 5 атайын техникаларды сатып алды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кытай мамлекетинен чыгарылган ХОВО үлгүсүндөгү 3 таштанды ташуучу, 1 суу чачуучу, 1 бийиктиктеги жумуштарды жасоочу автоунаалар, шаардын муниципалдык менчик ишканасынын балансына өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, буга чейин Баткен шаардык мэриясынын “Тазалык” ишканасынын балансында, эскилиги жеткен 4 техника болуп, шаардын тазалыгын сактоодо көйгөйлөр жаралып келген. Мындан улам аталган ишкананын материалдык базасын чыңдоо үчүн жаңы техникалар алып келинди.
Бүгүнкү тапшырылган техникалар Баткен шаарынын 30 миңге жакын калкын, 6 миң 400 кожолукту тейлейт.

