"Топ болуп сүйлөшө турган чалуулар пайда болот". Telegram мессенжеринде жаңы функция кошулат
Telegram мессенжеринде бир нече адам, башкача айтканда, топ болуп сүйлөшө турчу чалуулар пайда болот. Бул тууралуу аталган мессенжердин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бул функция Android тиркемесинин версиясында иштеп баштады.
"Топтук чалууну администратор уюштура алат. Чалуунун эки түрү бар: биринчисинде бардыгы сүйлөй алышат, экинчисинде админ гана. Кызмат Voice chat деп аталат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 3 ай мурун Telegram видеочалууну кошкон. Анда адистер функциянын ичине топтук чалууну кошууну кошумчалашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.