Өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүндө жаңы окуу жылы башталды





Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жаңы окуу жылы башталды. Бул тууралуу Генералдык штабдын басма сөз кызматынан билдиришти.
"1-декабрдан 3-декабрга чейин аскерлерге күжүрмөн жана мобилизациялык даярдык боюнча тактикалык-катардык көнүгүүлөр өткөрүлөт.
Окуу жылынын башталышынын алгачкы күнүндө, Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер бөлүктөрүндө жана мекемелерде, коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинде, Кургактагы аскерлерде, Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүндө, Улуттук Гвардияда жаңы окуу жылынын башталуусун белгилеген митингдер жана коомдук-мамлекеттик даярдыктан сабактар болду.
Сабактардын жүрүшүндө аскер кызматчылар, учурдагы Борбор-Азия регионундагы аскердик-саясий абал менен таанышты. Ошондой эле, өздүк курамдын күжүрмөндүүлүгүн арттыруу иштери да каралды", - деп жазылат билдирүүдө.
Өткөрүлгөн иш-чаранын практикалык элементи болуп - башкаруу органдарын жана күчтөрүн жогорку деңгээлдеги күжүрмөн даярдыкка алып келүү боюнча өзүнчө-штабдык машыгуулар болуп саналат.

