super.kg logo

"Бишкекте жаңы салынган жолдор, эмне үчүн тез эле жарактан чыга берет?". Бул суроого Түлөбаевдин жообу

 

Бүгүн, 1-декабрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев түз эфирде шаардыктардын суроолоруна жооп берди.

Анда Түлөбаевге "Жаңы салынган жолдор тез эле жарактан чыгып калган учурлар көп кездешет. Бул боюнча кандай текшерүүлөр, кандай иштер жүрүп жатат?"- деген суроо узатылды.

"Бишкекте эки жол бар. Бирөөнү Кытай тарап салган. Ал жолдордун кепилденген мөөнөттөрү бар. Жакшы абалда турат. Ал эми биздин "Бишкек асфальт сервис" салган жолдордо маселе бар. Булар бүгүнкү күнгө чейин өтө начар жолдорду салышкан. Сапаты жок. Азыр анын баарын укук коргоо органдары текшерип жатат. Жакын арада бул боюнча чечим чыгарышат", - деп жооп берди мэрдин милдетин аткаруучу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: