super.kg logo

Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна Бишкек шаардык кеңеши үчүн имарат курулат. Анын себебин Балбак Түлөбаев түшүндүрдү

 

Бүгүн, 1-декабрда Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев түз эфирде шаардыктардын суроолоруна жооп берди.

Анда Түлөбаевге "Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна Бишкек шаардык кеңеши үчүн имарат курулат деген чечимди сынга алып жатат" деген суроо узатылды.

"Мурунку Башкы прокуратуранын имаратынын орду ошол калыбында 10 жылдан бери турат. Буга чейин кээ бирлери ал жердин ордуна мейманкана же офистерди курууну пландап келишкен экен. Эмнеге бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырган жок? Анан дагы силер мэрияга кирип көргүлөчү. Бир бөлмөдө 8 адамга чейин отуруп иштейт. Ушундай шартта иштөөгө мүмкүнбү? Шаардык кеңештин аппаратынын иштеген жерин көргүлө. Мындан тышкары мэриянын алдындагы кызматтар шаар боюнча ар кайсы жерлерде бөлүнүп иштешет. Мэрияда подвалда отуруп иштегендер бар. Ал эми Башкы прокуратуранын мурунку имаратынын ордуна кайра жаңы имарат тургузулса, ал экиге бөлүнөт. Бир жагына Бишкек шаардык кеңештин аппараты отурат. Бир жагында биздин муниципалдык кызматтагылар отурат. Сиздер дагы бизди туура түшүнгүлө. Биздин кызматкерлер дагы нормалдуу шартта иштеп, шаарга кызмат кылышы керек", - дейт Балбак Түлөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.12.2020. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаардын милдетин аткарабы же мэрдин милдетин аткарабы Балбак Тулобаев?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: