2-декабрда Бишкектин бир катар аймактарында жарык өчүрүлөт (тизме)
Эртең, 2-декабрда Бишкектин бир катар аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күнү адистер трансформатор жана электр зымдарын текшерип, оңдоо иштерин жүргүзөт. Оңдоо иштери саат 18:00гө чейин жүрөт. Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
1) 09:00дөн 14:00гө чейин — 7-кичи районунун бир бөлүгүндө (№44-46, 46а үйлөрү);
2) 09:00дөн 16:00гө чейин — 5-кичи районунун бир бөлүгүндө (№43-46 үйлөр);
3) 09:00дөн 17:00гө чейин — Юнусалиев, Кольцевой жана Карасаев көчөлөрүнүн кээ бир жерлеринде;
4) 09:30дан 12:00гө чейин — Арча-Бешик конушунун айрым жерлеринде (Орто-Тогузан, Абдрахманов жана Садыбакасов көчөлөрү);
5) 09:30дан 15:00гө чейин — Чыгыш-5 кичи районунун бир бөлүгүндө (№6/5, 7/5, 14 үйлөр, №66 мектеп);
6) 09:30дан 17:00гө чейин — Исанов менен Ташкент көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде, Тоголок Молдо көчөсүндөгү №74 үйдө жана Ак-Босого конушунун кээ бир жерлеринде (Чүй 25, Чүй 29, Чүй 31, Чүй 34);
7) 09:30дан 18:00гө чейин — Арча-Бешик конушунун бир бөлүгүндө (Миң-Куш, Кара-Коо, Он-Арча, Садырбаев, Аксы, Ош-3000, Масыралиев, Жаңы-Турмуш, Нарын көчөлөрү);
8) 11:00дөн 15:00гө чейин — 12-кичи районунун айрым жерлеринде (№1, 7, 9, 23, 26, 27, 30);
9) 11:00дөн 17:00гө чейин — Тыныстанов жана Линейный көчөлөрүнүн кээ бир жерлеринде (темир жол вокзалынын жаны);
10) 13:00дөн 17:00гө чейин — Адыр көчөсү менен Берлик туюк көчөсүндө.

