super.kg logo
  Спорт  

"Мындай футбол керек эмес". Өзбекстанда футбол массалык башаламандык менен аяктады (видео)

 

Кечээ, 1-декабрда коңшу Өзбекстандын футбол боюнча Про-Лигасынын акыркы турдук оюнунда ферганалык "Нефтчи" командасы өз үйүндө "Туран" командасын кабыл алды.

Бул жолугушууда командалар Суперлиганын жолдомосу үчүн ойношту. Коноктор оюндун 81-мүнөтүндө гол киргизип, 1:0 эсеби менен жеңишке жетип, турнирдик таблицада биринчи орунду ээлешти. Бул оюнга чейин алдыда келе жаткан ферганалыктар экинчи орунга түшүп калды.

Оюндан кийин "Нефтчи" командасынын оюнчулары массалык башаламандык уюштуруп, ага күйөрмандар дагы аралашкан. "Нефтчи" футболчуларынын нааразычылыгынын себептери азырынча белгисиз. Окуя боюнча расмий маалымат жок. Мындай видео социалдык тармактарда гана тарап жатат.

Ал ортодо футбол күйөрмандары социалдык тармактарда "Мындай футболдун кереги жок", "Жеңилгенди дагы билиш керек", "Топ тоголок" деген пикирлерин жазышууда.






Өзбекстанда футболдон кийин массалык башаламандык орун алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: