super.kg logo

БШК: "Бүгүн президенттикке талапкерлер шайлоочулардан чогулткан кол тамгаларды алып келип башташат"

 

Бүгүн, 2-декабрда президенттикке талапкерлер шайлоочулардан чогулткан кол тамгаларын БШКга алып келе башташат. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйында билдирди.

"Президенттикке талапкерлер шайлоочулардан чогулткан кол тамгаларын бүгүн, 2-декабрдан баштап алып келип башташы күтүлүп жатат. Буга байланыштуу бизди чоң көлөмдөгү жумуш күтүп турат. Убакыт аз. Анткени мөөнөт кыскартылып берилген. Андыктан жумуштан тышкары иштерди пландаштыргыла деген сунуш айтам", - дейт Бекматов.

Президенттикке талапкерди колдогон кол топтоо баракчалары, шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документ менен кошо БШКга 3-декабрга чейин тапшырылышы керек. Талапкерлер 30 миңден кем эмес жана 60 миңден ашпаган колдоочулардын колун топтоп, белгиленген мөөнөткө чейин ал баракчаларды БШКга тапшырат.

15-декабрда шайлоо өнөктүгүнүн үгүт иштери башталат. Ал эми 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: