Күлкү жаратуучу Ростислав Ященко "Манас" аэропортунун ичи муздак, шыбынан суу тамчылап жатканын айтып чыкты. Мекеменин жообу

КВНдин Жогорку Лигасынын чемпиону, юморист Ростислав Ященко өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилигине видео кайрылуу жасады.
Ал видеодо аба майдандын шыптарынан суу тамчылап, ичи муздак экендигин айткан.
"Учурда аэропорттун жетекчиси ким экендигин чынында билбейм, бирок аэропорттун жетекчилигине кайрылгым келип турат. Мен азыр Стамбулдан учуп келдим. "Манас" аэропортунун ичи муздак, шыптын ар кайсы жерлеринен суу тамчылап жатат. Эч бир жылуулук системи иштебей жаткандыгы көрүнүп турат. Чет элдиктер учуп келет, элестеткиле алардын башына суу тамчылап жатканын. Бул уят да", - деп айтылат Ященконун кайрылуусунда.
Аталган маселе боюнча "Манас" эл аралык аба майдандын маалымат катчысы Алия Курбановага байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Аэропорттун жетекчилиги Ростислав Ященко менен байланышты. Ал айткан маселелер азыр чечилди. Бирок ал айтканчалык абалда начар эмес болчу", - дейт Курбанова.
Юморист Ростислав Ященко "Манас" аэропортунун жетекчилигине кайрылды







1 |