Мамлекеттик каттоо кызматы: "5 жыл ичинде 818 миңден ашуун айдоочулук күбөлүк берилди"
2015-жылдан 2020-жылдын 1-октябрына чейин 818 миң 72 айдоочулук күбөлүк берилген. Алардын ичинен 809 миң 570 күбөлүк улуттук үлгүдө болсо, 8 миң 502си эл аралык үлгүдө болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5 жыл аралыгында 286 миң 196 айдоочулук күбөлүк алмаштырылган. Бул аралыкта улуттук үлгүдөгү 375 миң 709 айдоочулук күбөлүк алгачкы жолу берилсе, ушул жылы алар кайра даярдоодон өтүп, 109 миң 508 айдоочу улуттук айдоочулук күбөлүктөргө ээ болушту.
"Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү эң көп берүү 2019-жылга туура келет. Анда 147 миң 226, ал эми 2018-жылы 73 миң 584 күбөлүк берилген.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, бул жылы эл аралык стандарттагы айдоочулук күбөлүк башка жылдарга салыштырмалуу көп (2 миң 584 айдоочулук күбөлүк) берилген.
2019-жылдын аягында Мамлекеттик каттоо кызматы улуттук үлгүдөгү күбөлүктү жаңы стандартта бере баштаган. Ал 20 коргоочу элементтен туруп, баасы 554 сом 86 тыйынга чейин арзандаган. Мурун айдоочулук күбөлүк 12 евро (920 сом) болгон.
Эл аралык айдоочулук күбөлүктүн баасы 246 сомду түзөт", - деп жазылат маалыматта.

