Бишкекте 16 жаштагы Алтынбек Айдаралиев дайынсыз болуп изделүүдө
Бишкекте 16 жаштагы Алтынбек Айдаралиев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Токмок шаарынын ички иштер болүмүнө 2004-жылы туулган Алтынбек Айдаралиев ушул жылдын 27-ноябрында саат 19:00дө Бишкек шаарынын Циолковский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кетип, ушул күнгө чейин дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Белгилери: бою 180-185 сантиметр, кашы-көзү, чачы кара, оң кашынын асты кесилген.
Үйдөн чыгып кеткен күнү кийип жүргөн кийими: боз түстөгү күрмө, көк түстөгү шым, кара өтүк.
Милиция кызматкерлери Алтынбек Айдаралиев тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(312) 60-73-63, 0(501) 90-00-65, 0(551) 10-27-53, 0(705) 77-70-50.

