super.kg logo
  Саясат  

Клара Сооронкулова: "Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынып жатканда процедуралар сакталган эмес"

 

Бүгүн, 2-декабрда Конституциялык палатанын жыйынында "Реформа" партиясынын кайра шайлоону дайындоодогу мыйзам бузуулар боюнча берген доо арызы каралып жатат.

Анда партиянын лидери, укук коргоочу Клара Сооронкулова Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынып жатканда Жогорку Кеңеш тарабынан процедуралык эреже бузуулар орун алганын айтат.

"Жогорку Кеңеш 22-октябрда мыйзам долбоорун кабыл алып жаткандагы добуш берүүлөрдүн протоколу жасалма болгон деп эсептейбиз. Анткени мыйзам долбоорун кабыл алып жатканда 79 добуш берилген. Ошол эле маалда Жогорку Кеңештин протоколунда 83 добуш деп жазылган. 4 добушту ишеним каттын негизинде эсептешкен. Регламент боюнча, Конституциялык мыйзам кабыл алынып жатканда ишеним кат боюнча добуш берүү каралган эмес. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, протоколдо катталган депутаттардын саны 99 болсо, добуш бергендердин саны 83 болгон. Регламент боюнча, катталгандар менен добуш бергендердин саны бирдей болушу керек.

Биз мыйзам чыгаруу органы процедураны сактаган эмес деген жыйынтыкка келдик. Жогорку Кеңеш кыска убакыттын ичинде маанилүү делген Конституциялык мыйзамдын долбоорун кабыл алып, өлкөдөгү шайлоого байланыштуу процессти токтотуп койду", - деди Сооронкулова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: