super.kg logo

БУУнун катчысы дүйнө жүзү боюнча 40 миллиондон ашуун кулчулукка туш болгон адамдардын тобун атады

 
Бириккен улуттар уюму (БУУ) азыркы убакта дүйнөдө кулчулукка туш болгон адамдардын тобун атады. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш брифинг учурунда билдирген.
Маалыматка ылайык, БУУнун башчысы дүйнө жүзү боюнча 40 миллиондон ашуун адам кулчулуктун ар кандай түрлөрүнө дуушар болуп, алардын 71 пайызы аялдар менен кыздар экенин билдирди.
"Бүгүнкү күндө кулчулукка дуушар болгондор аргасыз жалданып иштөө, иштеген адамдардын эмгек акысын
келишилген нарктан төмөндөтүп төлөп берүү, эксплуатациялоо максатында адам сатуу, мажбурлап никеге
туруу, үй кулчулугуна алынгандар, балдарды куралдуу жаңжалдарга мажбурлап тартуу, ошондой эле карызга көз каранды болгондор", - деп билдирген ал.
Кулчулуктун курмандыктарынын көпчүлүгү жакыр коомдун мүчөлөрү, расалык жана этникалык азчылыктар,
ошондой эле жергиликтүү эл жана мигранттар түзөрүн белгилеп, адам укугун бузган көрүнүштөрдү жок
кылуу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө чакырды.
Учурда кулчулукка дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде расмий түрдө тыюу салынган. Кулдарга ээлик кылууга жана кул эмгегин пайдаланууга акыркы тыюу салуу Мавританияда 1981-жылдын июль айында киргизилген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: