Алмазбек Орозалиевдин буйругу менен кызматтан бошотулган Мадияр Кулуев Ленин РИИБине кайрадан жетекчи болуп дайындалды
Ленин райондук ички иштер башкы башкармалыгына Мадияр Кулуев кайрадан дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Мадияр Кулуев сот отурумунда жеңишке жетип, кызмат ордуна кайтып келген.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 7-апрелинде Ленин РИИБинин жетекчиси Мадияр Кулуев өзгөчө кырдаал учурунда кызматтык милдеттерин так аткарбай, одоно тартип бузууга жол бергендиги үчүн кызмат ордунан бошотулганын Бишкек шаардык комендатуранын басма сөз кызматынан билдиришкен. Ал эми Мадияр Кулуев бул окуяны өзүм дагы түшүнбөй жатам деп айтып берген. Андан кийин Чыңгыз Керимкулов Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалса, июль айында Ленин РИИБинин жетекчиси болуп Жеңишбек Абитов дайындалган.

