"Кудум эле Ромео менен Жульеттадай". АКШда 47 жыл бирге жашаган жубайлар COVID-19 илдетинен бир күндө көз жумушту
АКШда 47 жыл бирге жашаган Лесли жана Патрисия аттуу жубайлар COVID-19 илдетин жуктуруп алышып, оорунун кесепетинен бир күндө каза болушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Мичиган штатынын тургундары, 47 жыл бирге өмүр сүргөн жубайлар COVID-19 илдетин жуктуруп алышып, 24-ноябрда оорунун кесепетинен бир күндө көз жумушкан.
"Бул кандай сонун, бирок аянычтуу. Кудум эле Ромео менен Жульеттадай. Демек, алар бири-бирисиз жашоону каалашкан эмес", - деп билдирген алардын кызы.
Лесли жүк ташуучу унаа айдоочусу жана АКШнын аскер-деңиз коругунун ардагери, ал эми Патрисия медайым болгон. Ал 35 жыл ооруканада операциялык бөлүмүндө иштеген. Алар алгач таанышкан барда чогуу бийлегенди, кечкисин үйдө карта жана башка оюндарды ойногонду жакшы көрүшчү. Жубайлардын артында эки кызы, үч небереси жана алты чөбөрөсү калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
nazarnew

02.12.2020. 14:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сүйүү, сүйүү эх сүйүү, кандай гана күчтүүсүң бул дүйнөдө, баарынан ашып түшкөн, өлүм дагы коркунучтуу эмес алдында.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.