super.kg logo

Бишкектеги "Ынтымак" сейил багынын курулушу боюнча кылмыш иши козголду

 

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан «Ынтымак» сейил багынын курулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Билдирүүгө ылайык, сейил бактын курулушуна сарпталган 90 миллион сомдон ашык бюджеттик акча каражаты текшерилип, төмөндөгү мыйзам бузуулар аныкталган.

"Сейил бактын курулуш иштери Бишкек шаардык мэриясы тарабынан тийиштүү долбоордук-сметалык иш-кагаздары жок жүргүзүлгөн, ошондой эле инерттүү курулуш материалдарынын, айрым аткарылган иштеринин көлөмү жана баалары негизсиз жогорулатылган. Коомдук объектилердин курулуш иштери, мамлекеттик сатып алуу процедураларын жүргүзбөстөн жана тиешелүү лицензиясы жок жаран менен мыйзамсыз келишим түзүү аркылуу жүргүзүлгөн", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербеген конкурстун катышуучулары жеңүүчү деп аныкталып, курулуш иштерине керектелчү материалды сатып алуу боюнча негизсиз келишимдер түзүлүп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул иш боюнча жазык кодексинин 23-беренеси менен реестрге катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.12.2020. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Булар жебеген нерсе калган жок, ушул тойбосторду кантип, жер которот тан каласын. Арам акчалар мн балдарын багып
02.12.2020. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эхх кайран Кыргызстан
03.12.2020. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кустургулачы баарын.кийинкилерге сабак болчудай кылып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: