Бекназаров экс-президент деген макамды алып салууну сунуштады. Жапаров менен Бекешев эмне тууралуу сүйлөшүштү? Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде
Бүгүн, 2-декабрь. Бул күнү саясий окуялар, жаңылыктар көп болдубу? Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. Анткени SUPER.KG порталы күндүн "туздуу" саясий окуяларынын топтомун алдыңызга сунуш кылат.
Экс-президент деген макамды алып салуу сунушталды
Бүгүн Конституциялык кеңешменин "Мамлекеттик бийлик органдары" секциясынын жыйыны өттү. Анда Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси, кеңешменин мүчөсү Азимбек Бекназаров экс-президент деген макамды алып салууну сунуш кылды.
Азыркы Баш мыйзамдын 69-беренесине ылайык, кызматтан четтетилген мурдагы президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат. Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет. Экс-президентке берилчү артыкчылыктар "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жана экс-президенттин макамы тууралуу" мыйзамда жазылган.
- Кол тийбестик;
- Укуктук, социалдык жана башка кепилдиктер;
- Материалдык жактан камсыз кылуу;
- Тиричилик жактан камсыз кылууга жана транспорттук тейлөөгө болгон укугу;
- Үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык кепилдиктери жана аларды материалдык жактан камсыз кылуу;
- Ар-намысын жана аброюн коргоо.
Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумга келе алган жок
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум белгиленген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сотко келе албай калгандыктан отурум 9-декабрга жылдырылды.
Буга чейин дагы Атамбаев бир канча жолу ден соолугуна байланыштуу соттук отурумдарга катыша албай келген. Атамбаев учурда №47 колонияда кармалып жатат.
Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14 адамдын иши сотко өткөн. Азыркы отурумдарда күбөлөр суралып жатат.
Айыпталуучулардын катарында Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.
Дастан Бекешев Садыр Жапаров менен жолукканын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен жолукканын жарыялады.

кошулду

