Ысык-Көлдө жайгашкан 30 мектептин китепканаларын компьютердик жабдуулар менен камсыз кылуу иштери башталды
Ысык-Көл районунда жайгашкан 30 мектептин китепканалары жана райондук билим берүү бөлүмү, ошондой эле өлкө боюнча 10 "келечек мектебин" компьютердик жабдуулар менен камсыз кылуу иштери башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жабдуулар "Жаңы китеп" автоматташтырылган маалыматтык системинин пилоттук иш-аракеттери үчүн арналган.
"Автоматташтырылган маалыматтык систем республиканын мектептеринин китепканаларында электрондук эсепке алуу, мониторинг жүргүзүү жана окуу китептерине буюртма берүү үчүн долбоордун колдоосу менен иштелип чыккан. Жабдуулардын комплекттеринин ичинде компьютерлер, сканерлөө, көчүрүп алуу жана басып чыгаруу үчүн көп функционалдуу шаймандар, ошондой эле QR коддор үчүн шаймандар бар. Комплекттер 2018-2019-окуу жылынан бери мектептерде иштеп жаткан окуу китептерин ижарага берүү системиндеги процесстерди санариптештирүү жана автоматташтыруу максатында мектеп китепканачылардын гана колдонуусуна арналган.
Пилоттук иш-аракеттердин натыйжаларынын негизинде "Жаңы китеп" автоматташтырылган маалыматтык системи республиканын бардык билим берүү мекемелерине киргизүү пландаштырылган", - деп жазылат маалыматта.

