super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сурабалдиева гуманитардык жардам боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине сын айтты

 

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сындарды билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдайт.

Анда вице-премьер-министрдин сыны гуманитардык жардам тууралуу отчёт берүү маселесине тиешелүү экени белгиленет.

"Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына алган гуманитардык жардамдар боюнча толук отчёт берүү тапшырмасы берилген. Бизге толук жана так отчёт керек. Муну жарандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардам берген эл аралык уюмдар жана донорлор күтүүдө. Берилген отчёт толук эмес жана айрым пункттар түшүнүксүз. Мисалы, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык медициналык мекемелерге кандай конкреттүү медициналык буюмдар жеткирилген? Ош облусу боюнча кандай чыгымдалуучу материалдар алынды, канча тест-систем алынды? Жер-жерлерге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын, концентраторлордун, рентген-аппараттардын канчасы жеткирилди? Отчётто 325 рециркулятор алынганы белгиленген, бирок алар кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмне үчүн медициналык жабдуулар баланска алынган эмес жана тиешелүү тартипте белгиленген эмес. Жарандардан, донорлордон жана ыктыярчылардан алынган бардык жардамдар кылдаттык менен изилденет", - деген Эльвира Сурабалдиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: