super.kg logo

Жактоочу: "Сокулукта катуу сабалган 6 жаштагы баладан апасы баш тартты"

 

Буга чейин Сокулукта катуу сабалган 6 жашар баланын апасы андан баш тартты. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына билдирди.

"Апасы өз баласынан баш тартып, камкордукту апасына (баланын таенеси) өткөрүп берди. Мындан ары баланын таенеси расмий түрдө ата-эне болот. Эми бала коркунучта эмес. Ага боорукер адамдар ушул күнгө чейин оюнчук, таенесине азык-түлүк жана окууга керектүү буюмдарды жиберип жатышат. Бардык кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдиребиз", - деп билдирди жактоочу.

Окуянын чоо-жайы:

18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 25 жаштагы келин кайрылган. Арыздануучу 33 жаштагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 18-ноябрга караган түнү жолдошу эч себепсиз эле 6 жашар баласынын денесине залал келтирген.

Аталган факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталып, иш андан кийин аймактык, тагыраагы, Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилген. Ал эми баланын алган жаракаттарынын деңгээлин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

23-ноябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматы аталган ишке шектелген жаран кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.

Кийин жабырлануучу жактын жактоочусу Шердор Абдыкапаров баланын апасы күйөөсүнө карата тосмо арыз жазып бергенин, баланы №3 ооруканадан 21-ноябрда таенеси чыгарып, Нарын облусунун Ат-Башы районуна алып кеткендигин билдирген. Жактоочу сабалган 6 жаштагы баланын апасы "окуяны оюмдан чыгарып койгом" деп өз көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, күйөөсүнө болушуп баштаганда жактоочу болуудан баш тартканын билдирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
02.12.2020. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жаш балдарга зомбулук кылгандар жазадан кутулбаш керек күнөөсү барбы соттолуш керек, тосмо арыз менен кутулбаш керек.
02.12.2020. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
бироого зар, бироого кор...
02.12.2020. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ии ассын!эне болумуш...Көрөсүң ушул бала зыңкыйган,бала болгондо ичиң ачышат...
03.12.2020. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu_bolgum_kelet,күйөөсү үчүн баш тарткандыр да, баласынан да күйөсүн артык көрүп
02.12.2020. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Баладан да сага эр керек экен да, баланды эрге алмашып сен да тугонгон экенсин. Ошо балана кылган кылыгын сага да кылат акмак, кудай сактасын сендей энеден, кийин окунуп калба да.
02.12.2020. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эн туура кылыптыр баланы кордогондун оордуна эмнеси болсо дагы оз тайэнеси экен. Огойдун келтегин жегенден көрө тайэнеси менен жүрсүн. Бактылуу балалык ден соолук каалайм акыл эстүү эр азамат жигит болуп чоңойсун.
02.12.2020. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Kyrgyz-aiym,тайэнесине барганда тайкелери, тайженелери тарабынан кор болбойт деген кепилдик барбы
02.12.2020. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бирок бул нерсе анын журогундо туболук калат.
03.12.2020. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Апасы дагы бул ишке аргасыздан баргандыр, бироонун жашоосунда эмне болуп жатканын биз билбейбиз да.Ансыз да экинчи турмушу экен балким турмушун сактап калгысы келип жаткандыр.
03.12.2020. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мээн мн эмес , башка жерин мн ойлонгон кандай немесин, каяктагы бир эркек учун баладан кечкен келесоо. Эне статутусунан ажыратып, запрет кылып коюш керек даже корушконго дагы. Оз канынан жаралган чырактай баланы, бир эркек учун кечип коюп кантип тынч жашоо улантар экен, кантип тынч уктайт
03.12.2020. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай экенин билбедимго мага бала кылып берсе бакмакмын 2балама 3болот эле. Апасы жок оскон бала кумсайт апасын. Ата энесинда апсы жок чонойгондо билмек
talant87 түзөттү 2020-12-03 01:49:27
03.12.2020. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кылганынарга да жооп берер күнүңөр келер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: