super.kg logo

Ковид Капур аттуу америкалык дизайнердин 2019-жылы пандемиянын келишин билдирген кийим тиккени талкууга алынды

 

Социалдык тармактарда америкалык "Подиум" долбоорунун катышуучусу Ковид Капурдун бир жыл мурун тиккен дизайнердик кийими талкууга алынды. Анда дизайнер "моделдин денеси максималдуу түрдө жабылуу болушу керек" деген теманын негизинде образ жараткан. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басма сөз булактары дагы жазып чыгышты.

Анда "Подиум" долбоорунун бул чыгарылышы 2019-жылдын 4-апрелинде чыкканы маалымдалат.

"Дизайнер Ковид Капур бир жыл мурун клеткалуу кызыл костюм тигип, аны ошол эле моделдеги беткап менен толуктаган. Кызыгы, анын бул образы бир жыл өткөн соң коронавирус пандемиясынын символу болуп калды. Бирок ошол маалда Ковид Капурдун дизайнердик кийимин калыстар жактырышкан эмес, жана ага төмөн баа беришкен. Интернет колдонуучулары дизайнердин атына дагы кызыгышкан. Ал эми Ковид Капурдун өзү журналисттерге берген маегинде коронавирус пандемиясынын келишин алдын ала айтайын деген ою жок болгонун билдирип, анын атынын мааниси санскрит боюнча "акылдуу" же " акын" дегенди түшүндүрөөрүн айткан. Ковид Капур пандемия башталганда көпчүлүгү анын аты дал ошол коронавирустан улам өзгөртүлгөн деп ойлошконун кошумчалаган" , - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, америкалыктар буга чейин "Симпсон" мультфилиминдеги айрым көрүнүштөр келечектеги кээ бир окуялардын болушун алдын ала чагылдырат деп келишсе, эми анын катарына "Подиум" долбоорун кошушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.12.2020. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо акылдуу 2020 же акын 2020дэээ)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: