
Орусиянын борбору Москва шаарынан шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн тизмесине кирүү үчүн элчиликке кайрылуу керек. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 10-январда өтө турчу президенттик шайлоого карата Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык жана шайлоо укуктарын камсыздоо максатында элчиликтин консулдук бөлүмү 19-ноябрдан 29-декабрына чейин иштейт. Күнүгө иш күндөрү саат 09.00дөн 18.00гө чейин жана дем алыш күндөрү саат 10.00дөн 15.00гө чейин шайлоочуларды кабыл алууда.
"Буга байланыштуу Москва шаарында шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн тизмесине кирүү үчүн, жогоруда айтылган убакытка чейин Кыргыз Республикасынын жарандарын элчиликке кайрылып шайлоо дарегин (Форма №2 арызы менен) өзгөртүүсүн, консулдук жана биометрикалык каттоодон өтүүсүн эскертебиз", - деп жазылат билдирүүдө.
Жарандар
https://tizme.gov.kg сайтынын жардамы менен шайлоочулардын алдын-ала тизмесинен өздөрүн текшерип алса болот.