super.kg logo

"Бир катар тоноо иштерин жасаган". Бишкекте тоноо фактысы боюнча кылмышка шектүү кармалды

 

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тарабынан тоноо фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-октябрь күнү саат 02:26 чамасында Бишкек ШИИБинин "102" кызматына "Жер Ынтымагы" конушундагы жеке менчик үйлөрдүн биринде "тоноо болду" деген чакыруу келип түшкөн.

Мындан сырткары, ушул эле күнү Аламүдүн РИИБине М.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол күнү саат 02:00 чамасында "Жер-Ынтымагы" аймагында белгисиз адамдар жеке үйгө кирип, арыз ээсине жана анын жубайынын денесине залал келтирип, 150 миң сом жана 5 миң 500 долларын, ошондой эле жалпы суммасы 60 миң сомдук алтын буюмдарын алып, из жашырып качып кетишкен.

"Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектелип 1988-жылы туулган С.Р. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына жеткирилген.

Кармалган шектүү буга чейин ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу сот жообуна тартылган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: