super.kg logo

"71 мечиттин имамдары катышты". Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери шаардын имамдары менен жолугушту

 

Бүгүн, 2-декабрда Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери борбордо жайгашкан мечеттердин биринде имамдар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жыйынга жалпысынан 71 мечиттин имамдары катышты.

"Жолугушууда кызматкерлер 10-январь күнү боло турган мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо боюнча коомдук коопсуздукту алдына алууга, мыйзам бузууларга жол бербөөгө жана дин имамдарын шайлоо учурунда үгүттөө иштерине аралашпоого, ошондой эле диний экстеримзди болтурбоого жана алдын алууга дин имамдарынын ролу чоң экендигин баса белгилеп, укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барууга чакырды. Жыйынтыгында, Бишкек шаарынын аймагында кээ бир мечиттердин документтери жок экендигин эске алып, мыйзамдуу ирээтке келтирип, коронавирус илдетинин жайылып кетпөөсү үчүн намазга келген ар бир жарандын ден соолугуна кам көрүп, санитардык жана эпидемиологиялык эрежелерди сактоону эскертип кетти", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: