Окумуштуулар эмне үчүн пандемияны токтото албай жаткандыгын түшүндүрүштү
Түркиядагы окумуштуулар дүйнө жүзү эмне үчүн коронавирус пандемиясын токтото албай жаткандыгын аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окумуштуулардын маалыматына ылайык, коронавирус адамдын организминде 2 түрдө болот:
1) симптомдуу (белгилери бар)
2) симптомсуз (ооруунун белгиси жок)
"Окумуштуулар COVID-19 оорусунун белгиси жок алып жүрүүчүлөр жана белгилери бар бейтаптардагы вирус жүктөмүн баалоо үчүн изилдөө жүргүзүштү. Анда аныкталгандай, эч кандай белгилери жок, вирусту симптомсуз ташыгандар көбүрөөк жуктуруучу касиетке ээ. Ошондой эле симптомдуу түрдө ташыганга караганда, симптомсуз түрдө ташыгандарда вирус көбүрөөк болот.
Окумуштуулардын айтымында, ушундай жагдайга байланыштуу көп мамлекеттердеги вирустун жайылышына бөгөт коюу аракети, катаал карантиндин шартында деле натыйжа бербей келет", - деп жазылат маалыматта.



1 |