super.kg logo

Ысык-Көл облусунда уурулукка шектелип беш өспүрүм кармалды

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда уурулукка шектелип беш өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Тоӊ районунун милиция кызматкерлери тарабынан бир катар автоунаалардан тетиктерди уурдаганга шектелип беш өспүрүм кармалды. Бул кылмыш иши боюнча биринчи билдирүү райондук милицияга 25-ноябрда келип түшүп, анда белгисиз адамдардан Кызыл-Туу айылынын тургуну жабыр тарткан. Анын унаасынан аккумулятор менен автомагнитола уурдалып, жалпы чыгым 11 миӊ сомду түзгөн.

Мындан тышкары башка айылдарда ушуга окшош кылмыш иши катталган. Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип кармалгандар 16 жаштан 17 жашка чейинки беш өспүрүм экендиги такталган. Кармалган өспүрүмдөр муктаж эмес үй-бүлөнүн балдары экендиги жана алар мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыгы маалым болгон. Аталган өспүрүмдөрдүн тобу 8 аккумулятор, 2 автомагнитола жана 1 дөңгөлөктү уурдашканы аныкталды. Уурдоого шектүү катары кармалган өспүрүмдөр эч жакка чыкпоо тил катында калтырылышты", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: