super.kg logo

"Кучактап койчу". Диего Марадона өлөрүнө бир нече убакыт калганда мурунку сүйүктүүсүнүн жигитине билдирүү жөнөткөн

 

Футбол тарыхындагы эң легендарлуу оюнчулардын бири болгон аргентиналык Диего Марадона өлөр алдында мурунку сүйгөнү Вероника Охеданын азыркы жигитине билдирүү жөнөткөн. Бул футбол легендасынын өмүрүндөгү акыркы билдирүүсү экенин чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

"Салам, бул мен Диего. Сен менин сөздөрүмө таң калат болушуң керек. Бирок Вероника сени менен бактылуу боло алат. Ал мага экөөңөрдүн мамилеңер тууралуу айтып берген. Сенден суранам, менин теңдеши жок периштеме кам көр", - деген Марадона.

Мындан тышкары, Марадона мурунку сүйгөнү Вероникадан төрөлгөн уулу Диего Фернандону кучактап коюуну суранган.

Вероника Охеда менен Диего Марадона 2005-жылы мамиле куруп башташып, 2013-жылы Диего Фернандо аттуу уулдуу болушкан.

Футбол легендасы Диего Марадона 60 жашында 25-ноябрда Буэнос-Айрес шаарындагы үйүндө кокусунан жүрөгү токтоп калып каза болгон. Кийинчерээк Марадонанын жүрөгү кадимкидей көлөмдөн эки эсе чоң болуп, изилдөөгө алынганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: