super.kg logo

Тышкы иштер министри Кытайдын элчисин кабыл алды. Анда тышкы карыз тууралуу пикир айтылды

 
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнды кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгындагы актуалдуу суроолордун тегерегинде пикир алмашуу болду. Мындан тышкары Кыргыз өлкөсү менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү максатында "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши боюнча маселелер талкууланды.
"Жолугушууда коронавирус пандемиясынын жайылышына каршы биргелешип күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Министр Руслан Казакбаев аталган илдет менен күрөшүүдө Кытай тараптын Кыргыз өлкөсүнө көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Тышкы иштер министри өкмөт компаниялардын жана ишканалардын, ошондой эле Кыргыз өлкөсүндө иштеген Кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрөрүн баса белгиледи.
Руслан Казакбаев убактылуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусунан кийин өткөрүү пунктунан өткөрүү иштерин оптимизация кыларын айтып өттү.
Руслан Казакбаев коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасирин эске алуу менен, өлкөнүн бюджетине тышкы карыздын оорчулугун жеңилдетүүдө жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.
Тараптар эки өлкөнүн мындан ары ар тараптуу кызматташтыгын улантууга даяр экендиктерин билдиришти", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: