super.kg logo
  Саясат  

Жактоочу: "Эмне себептен Тилек Токтогазиев менен Эльвира Сурабалдиева октябрда өткөн митинг боюнча жоопко тартылган жок?"

 

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Фарид Ниязовду жана Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына чыгарууну жакындары жана жактоочулары суранып жатат. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

"Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевге карата Кой-Таш окуяларынан тышкары 5-6-9-октябрда Бишкектеги болуп өткөн массалык башаламандыкка катышкан деген айып коюлду. 5-6-октябрда экөө тең СИЗО-1де болушкан. Эртең менен соттун аларга карата баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу токтому келгенден кийин гана бошотулган. Ал эми 9-октябрда өткөн тынчтык митингинин катышуучуларынын арасында Ниязов дагы, Сагымбаев дагы болгон. Бирок алар элдин алдында биримдикке келүү, ынтымакта болуу тууралуу сөздөрдү айтышкан. Бул кылмыш эмес да.

Ошол эле маалда массалык башаламандык учурунда азыркы айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев жана вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева дагы жүргөн. Эмне себептен алар кылмыш жоопкерчилигине тартылган жок? Балким, ага негиз болгон эмес. Демек, Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевди күнөөлөгөнгө дагы негиз жок", - деди Жоошев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: