super.kg logo

Яндекс Go өлкөдөгү автоунаалардын ылдамдыгына мониторинг жүргүзүүнү ишке киргизди

 

Яндекс Gо өлкөдө тиркемесинде тейлөө тапшырыктарынын убагындагы машиналардын жүрүү ылдамдыгына автоматтык мониторинг жасоонун технологиясы иштей баштады. Бул компаниянын жеке иштеп чыгаруусу, Бишкек жана Ош шаарларында ишке киргизилди.

Айдоочу тейлөө тапшырыгын аткарып жатканда технология GPS'тин жардамы менен анын жол сызыгын көзөмөлдөйт жана жүрүү ылдамдыгын аныктайт. Бул ылдамдык маршрутту түзүүдө колдонулуучу навигатордун көрсөткүчтөрүнө ылайык уруксат кылынган максималдуу ылдамдык менен салыштырылат.

Эгерде айдоочу уруксат кылынган ылдамдыктан ашып кетсе, тутум айдоочунун тиркемеси аркылуу бул жөнүндө эскертүү берет. Технология сигналга байланыштуу тоскоолдуктарды, координаталардын күтүлбөгөн өзгөрүштөрүн эсепке алат жана мындай аномалияларды четтетүүгө жөндөмдүү. Бир нече эскертүүдөн кийин алгоритм айдоочунун тейлөө тапшырыктарына жеткиликтүүлүгүн убактылуу чектейт, ал эми кайталанган учурда биротоло чектейт.

Яндекс.Такси кызматынын Борбордук Азияда рынокторду өнүктүрүү боюнча Аткаруучу директору Тамирлан Шапиев: “Биз өлкөдөгү жол жүрүүнүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл бөлөбүз. Жаңы технология айдоочуларга тапшырыктын толук убактысында ылдамдык режимин көзөмөлдөөгө жардам берет. Башка өлкөлөрдө мурда ылдамдыкты жогорулатып жиберген айдоочулардын 70 пайызы тутумдагы экинчи эскертүүдөн кийин мындай эреже бузууну кайталабай калышарын көрдүк”, - деп белгиледи.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: